Милдет— адамдын алдына коюлган коомдук зарылдыкты моралдык талаптар аркылуу чагылдырган негиз­ги этикалык категориялардын бири.

Ал адамдын моралдык иш-аракетин мүнөздөгөн жоопкерчилик, абийир, уят, мотив сыяктуу түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуу. Милдеттин табиятын жана чыгышын талдоо К. Маркска чейинки этиканын тарыхында эң оор проблемалардын бири болгон. Анын негизин кудай осуятынан (диний мо­раль), априордук мораль паконунан («категориялык императив»), «адам табиятынан», жыргалга. бакытка умтулуудан (Гедонизм) издешкен.

Ушул проблемаларын бардыгы би­ринчи жолу марте; ик этикада гана ил. негизге коюлуп, Милдет моралдык жалпы маселелердив бир бөлүгү ка­тары аныкталды. Моралдык талап- тарды калайык-калктын коллективдүү тажрыйбасынын негизинде коом гана иштеп чыгат. Аны конкреттүү учурга ылайыкташтырып ишке ашыруу милдети коомдун ар бир мүчөсүнө жүктөлөт. Ар бир киши өз милдетин эч бир кысымсыз аткарууга тийиш болсо да, коомдук ой-пикир анын коом алдында жоопкерчилигин зеке салып турат. Коммунисттик коомду куруунун жүрүшүндө жеке жоопкерчиликтин ченеми улам күчөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.