Милица Васильевна Нечкина [12 (25). 2. 1901-ж. т., УССР, Чернигов обл., Нежин ш.]—сов. тарыхчы, СССР ИАнын акад. (1958), РСФСР ПИАнын анык мүчөсү (1947).

  • Кызматчынын уй-бүлөсүнөн. Казан университетин (1921) бүтүрген.
  • 1921-жылдан Казанда, 1924- жылдан Москва университетинде окутуучу.
  • 1935-жылдан СССР ИАнын Тарых институтунда эмгектенүүдө.
  • Нечкинанын ил. эмгектери Россиядагы рев-ячыл кыймылдын тарыхына арналган. Ал «СССР пролетариатынын тарыхы» (193035), «Москванын тарыхы» (3-т., 1954), «Москва университетинин тарыхы» (1-т., 1955), коллективдүү эмгектердин, вуздар жана 7—8-класс үчүн СССР тарыхы боюнча окуу китептеринин ав­тору жана редактору.
  • «СССРдин байыркы убактан ушу кезге чейинки тарыхы» деген 12 томдуу монографиянын Башкы редакциялык советинин мүчөсү.

Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.