Минаев, Иван Павлович (1840-1890). 1876-ж. Памир экспедициясына катышкан. Памир-Алай кыргыздары жөнүндө жыйнаган материалдарын Россия Географиялык Коомунун «Кабарларына» жарыялаган. Бул маалыматтар боюнча Алай аймагында мунгуш, адигине, ичкилик уруулук топтору Алай-Памир тарапка жайлоого чыгышат, ал эми күз мезгили келгенде Маргалаң уездинин Үч-Коргон жана Миң-Дөбө аймактары кыштоо катары пайдаланылган. Ал мунгуш (монгуш) уруусун он эки урукка, адигине уруулук тобун он төрт урукка, ичкиликтер уруулук тобун 20 урукка ажыратып, алардын аталыштарынын тизмелерин келтирген. Бул кыргыз урууларынын жалпы саны, жайгашышы жөнүндө да кызыктуу маалыматтар бар. Чарбалык уклады, коомдук түзүлүшүн сүрөттөн жазган. Сарыколдук (Тоолуу Бадахшан аймагы, Мургаб) кыргыздар тууралуу кызыктуу маалыматтарды берүү менен бирге, алайлык кыргыз уруу аксакалдарынан санжыра жазылган китептерди көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү