Минарет (араб. манара – жарык болуп турат) – ислам дининин культтук (табынуучу) архитектурасында мусулмандарды намазга чакыруучу бийик мунара. Мунаранын башы купол менен бүтөт жана муэдзин тегерек балкондон, галереядан же мунаранын жогорку аянтчасынан элди намазга чакырат. М. VIII кылымдан баштап арабдар жеңип алган жерлерде мусулманчылыктын символу катары кызмат кылган жана мечиттин эң негизги белгилеринин бири. М-тин түрлөрү (тегерек, пландаштырылышы чарчы, көп кырдуу спираль өңдүү пандусу бар, сыртында жана ичинде тепкичи бар) өзүнүн архитектуралык формасы менен жасалгасы (оймолонуп салынган, кесилип оюлган, кабыкчалуу керамика, торчолуу балкону бар) боюнча көп варианттуулугу менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү