Минералдуу суулар (Кыргызстан)

Дарылык касиети бар сууларды «арашан» суулары деп аташат. Алар көптөгөн табигый суулардын температурасы жана курамындагы газдары менен айырмаланат. Кыргыздар байыртадан эле минералдуу сууларды дарылык максатта колдонуп келген.

Кыргызстандын аймагында 250дөн ашуун табигый жана бургулоо көзөнөгү менен чыгарылган минералдуу суулар бар. Дүйнөлүк курортологияда колдонулуп жүргөн 40 типтеги минералдуу суунун 30 тиби Кыргызстандын аймагында табылган, башка сууларга окшобогон дагы 10 тиби бар. Минералдуу суулар курамында тузу, газы, органикалык заттары (тузсуз сууларга караганда) көп жана өзгөчө касиеттерге (температурасы, радиоактивдүүлүгү жогору ж. б.) ээ болгондуктан дарылык максатта пайдалануучу жаратылыш суулары.

Кыргызстандын аймагында минералдуу суулар химиялык курамы, касиети жана дарылык мааниси боюнча төмөндөгүдөй бальнеологиялык топторго бөлүнөт: туздуу жана ачуу туздуу, көмүр кычкыл газдуу, кремнийлүү, жылуу суу (терм суулары), радондуу, сульфиддүү, темирлүү жана йод-бромдуу. Туздуу жана ачуу туздуу суулар жогорку минералдуулугу менен айырмаланат (1 г/лден —500 — 600 г/лге чейин), газдык курамы негизинен азот жана метандан турат, ал эми иондук курамында SO42--2 — 6 Cl-, Na+, чанда Са2+ басымдуу. Бул топтогу суулар чөкмө тектердин калың катмарлар жаткан платформалар менен артезиан бассейндеринде жаралган. Айрыкча туздуу катмарлардан турган артезиан бассейндеринде көп. Кыргызстандын аймагындагы тоо аралык артезиан бассейиндеринде кездешет. Алар көбүнчө глауберит жана галит менен минералдашкан галогендик формацияга байланыштуу. Ошондуктан алардын химиялык курамында Na+, SO42-, Cl дун иондору басымдуу. Минералдашуусу 10дөн 250—350 г/лге чейин. Аларга Ысык-Көл артезиан бассейни — бургулоо көзөнөгү аркылуу 1000 м тереңдиктен чыгарылган (неоген катмарларында), максималдык минералдашуусу 64 г/л; Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндөгү Бишкек минералдуу суу кени — минералдашуусу 50,0 г/л; Жыргалаң —138 г/л; Туз (Лейлек району) — 253 г/л, Үчкашка — Чааркудук — 200 г/л, Үчтерек (Кетментөбө өрөөнү) —346 г/л ж. б. кирет. Туздуу жана ачуу туздуу суулар мыкты дарылык касиетке ээ. Алар бальнеологияда (ванна, душ, бассейндерде), ичип дарыланууда (башкага кошуп), ошондой эле пайдалуу компоненттерин (натрий-хлорид, йод, бром, натрий ж. б.) алуу үчүн жана дары-дармек даярдоодо колдонулат.

Көмүр кычкыл газдуу суулар дарыланууга колдонуучу суулардын ичинен эң жакшы натыйжа берүүчүсү. Ичип дарылануу үчүн суунун курамында СО2 0,5 г/лден кем болбошу, ал эми ванна, душ алуу үчүн СО2нин өлчөмү 1,0 г/л болуш керек.

Кыргызстандын аймагында көмүр кычкыл газдуу суулардын 30га жакын кени жана майда кенчелери белгилүү. Алардын курамында СО2нин өлчөмү 500 жана андан да көбүрөөк мг/лди түзөт. Алардын көбү Фергана тоо тизмегинин аймагында: Жазы суусунун алабында — Аркарторо, Байбиче, Жолчабай, Карашоро, Коңуртөбө, Көкжар, Кулубек, Чоңчабай ж. б.; Тар суусунун алабында — Кулун, Сөөк, Терек, Түзашуу; Арпанын алабында — Каракол (чыгыш), Кызылбелес; Каракулжа суусунун алабында — Каракол (батыш), Каракулжа, Сууктөр, Сурташ, Шилбили; Аксай өрөөнү менен аны курчап жаткан тоолордо — Бешбелчир — Арашан, Көлсуу, Үсөлөк, Чатыркөл; Жумгал өрөөнүндө Каракече, Чамынды, Бейшенсай; Ысык-Көл өрөөнүндө — Туурасуу, Улакол, Арабел ж. б. жайгашкан. Минералдашуусу 1,8ден 40 г/лге чейин. Химиялык курамы — гидрокарбонат-кальцийлүү, гидрокар-бонат-магний-кальцийлүү жана гидрокарбонат-натрийлүү. Кыргызстандан чыккан көмүр кычкыл газдуу суулар белгилүү Боржоми, Ессентуки, Нарзан, Арзни ж. б. дарылоо-ичимдик сууларына типтеш келет. Азыркы убакта өнөр жайлык мааниде Бешбелчир — Арашан, Карашоро, Аксуу минерал суулары бөтөлкөгө куюлуп сатылат. Кыргызстандын мындай сууларынын өнөр жайлык запасы: В категориясы боюнча 104 м3/сутка, С1 — 69 м3/сутка жана С2 — 50 м3/сутка.

Кремнийлүү ысык суулардын минералдашуусу төмөн (0,4ден —2,0 г/лге чейин). Курамында кремний кислотасы басымдуу (50дөн 60 мг/лге чейин) жана жегичтик чөйрө (рН-8,6дан көбүрөөк) мүнөздүү. Кремнийден башка көбүнчө фтор, ошондой эле бир катар башка микрокомпоненттер кездешет. Температурасы 20дан 100°Сге чейин. Бул топко кирген суулар Түштүк, Ортоңку жана Түндүк Теңир-Тоонун аймактарында, башкача айтканда дээрлик бардык администрациялык облустарда бар. Алардын базасында республикадагы белгилүү курорт, эс алуу, дарылоо жайлары [Ысыката, Аламүдүн, Аксуу (Теплоключенка), Жалалабад, Алтынарашан, Бозучук, Жуукучак, Керегеташ, Жоопай, Чаек ж. б.] иштейт. Кремнийлүү ысык минералдуу суулардын көбү палеозой жана палеозойго чейинки тоотектердеги тектоникалык жаракалардын чыгып, «ысык суунун тизмегин» пайда кылат. Республикада ушундай ысык суунун 2 «тизмеги» бар. Биринчиси Кыргыз Алатоосунун, экинчиси Тескей Алатоонун түндүк капталдарында. Мындагы кремнийлүү ысык суу булактары: Карабалта, Аламүдүн, Ысыката, Туюк (Кыргыз Алатоодо), Жетөгүз, Чоң Кызылсуу, Керегеташ, Аксуу (Теплоключенка), Бозучук (Тескей Алатоодо). Ысыката минералдуу суусу Кыргызстандагы кремнийлүү ысык сууларды толук мүнөздөөчү касиетке ээ. Суу аз минералдашкан (0,25 г/л), кремний кислотасы арбын, хлорид-сульфат натрийлүү. Курамында азот, фтор бир кыйла, аз өлчөмдө бром, темир, титан, ванадий ж. б. бар. Суунун температурасы 50—54°С. Сөөк-булчуң-муун, нерв, гинекологиялык оорулар менен жабыркагандар ваннага түшүп дарыланууга жарамдуу, ошондой эле кремнийлүү ысык сууну ичип дарыланууга, андан (стоматология, гинекология, дерматология, лор ж. б. үчүн) дары-дармектерди жасап алууга пайдаланса да болот.

Радондуу сууларга курамында 5 нКи/лден (1 нКи/л=10 эман=2,8 Махе бирдиги боюнча) ашык радон болгон суулар кирет. Жаратылышта радон суулары кеңири тарап, минералдуу суулардын өз алдынча провинциясын түзөт. Мында радондун дарылыгы башка компоненттердин (СО2, минералдашуу, температура, рН ж. б.) жагымдуу касиеттери коштолот. Радон суулары тектоникалык жаракалар зонасында түзүлүп, радиоактивдүү минералдашууга ээ болот. Бардык аймактарда радон суулары жер бетине терең жаракалар аркылуу чыгат. Чүй өрөөнүндө (Карабалта минерал суусу) Каракол терең жаракасына, Ысык-Көл өрөөнүндө (Жетөгүз, Керегеташ ж. б. суулары) Борбордук Тескей жаракасына байланыштуу. Кыргызстанда Жетөгүз минералдуу суусу кеңири белгилүү. Дүйнөдө бул сууга типтеш суу дээрлик жокко эсе. Ал Ысык-Көл облусунун Жетөгүз районунда, Тескей Алатоонун түндүк капталында, Каракол шаарынан 30 км түштүк-батышта, Ысык-Көлдүн жээгинен 25 км аралыкта жайгашкан. Гидрогеологиялык жана бальнеологиялык көрсөткүчтөрү боюнча да уникалдуу ысык минералдуу суу. Температурасы 20 — 44°С, минералдашуусу 0,9 — 13 г/лге чейин. Хлорид-натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН= 7,3 — 7,6). Курамында азот, йод, бор, марганец, жез, никель ж.б. бар. Биологиялык активдүү компоненти — радон (10дөн 100гө чейин жана андан да көп нКи/л). Эсептелген запасы 434 м3/сек, анын ичинен 90 м3/сек гана же 20% дарыланууга пайдаланылат. Айрым изилдөөлөргө караганда Кыргызстандын аймагында аз радондуу (5 — 14 нКи/л) ысык суулар да бар. Аларга Карабалта, Көкөмерен, Туурасуу, Аксуу ысык суу булактары кирет.

Сульфиддүү сууларга курамында 10 жана андан көп мг/л күкүрттүү суутек (Н2S) болгон минералдуу суулар кирет. Кыргызстандын аймагында Фергана өрөөнүндөгү адыр зоналарында палеоген, неогендин чөкмө тоотектеринде (Кайрагач, Аксай, Чоңкара, Риштан, Чаңгырташ, Майлысуу, Кызылжар) жана силурдун өтө дислокацияланган кремний-слюдалуу сланецтеринде (Фергана тоо тизмегинин түштүк-батышындагы Карадөбө участкасы) таралган.

Мындай суулар бальнеоголиялык жактан өтө маанилүү суулардын катарына кирет. Кыргызстандагы сульфиддүү суулар Сочинин Мацеста минералдуу сууларына типтеш (Н2S=5 — 400 мг/л). Риштандан чыккан суунун минералдануусу 3 — 6 г/л, хлорид-сульфат-кальций-натрийлүү, курамына 50 — 110 мг/л суммардык күкүрттүү суутек (Н2S) бар. Булактын чыгымы 4 л/секдан көбүрөөк. Кызылжар минералдуу суусу гидрокарбонат-хлорид-натрийлүү, минералдашуусу 4-5 г/л. Курамындагы күкүрттүү суутек 175-240 мг/лди түзөт. Чоңгара минералдуу суусу хлорид-натрийлүү, минералдашуусу 24 г/л. Күкүрттүү суутектин концентрациясы 24 г/лди түзөт. Чаңгырташ участкасындагы суу сульфат-хлорид-натрий-кальцийлүү, минералдашуусу 10 —31 г/л, курамында 550 г/л күкүрттүү-суутек бар.

Темирлүү сууларга бальнеологиялык жактан курамында 20 мг/л суммардык темири (Fе2++Fе3+) бар суулар кирет. Жазы суусунун жогорку агымында 300 км2 аянтта курамында жогорку концентрациядагы темири бар көмүр кычкыл газдуу суулардын он чакты тобу, андан башка таза темирлүү бир нече булактар тобу жайгашкан. Чыты суусунун Жазыга куйган жеринен 2 км түндүк-чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2870 м бийикте Аркаршоро, Сабай деген жерлердеги булактарда темир 45 мг/лди түзөт. Чоң Чабай, Жолчабай, Чоң Агатан сууларынын өрөөндөрүндө көптөгөн минералдуу булактар бар. Алардагы темирдин концентрациясынын төмөнкү өлчөмү 10—20 мг/лди түзөт.

Кыргызстандагы жер астындагы суулардын ичинен темир Карашородогу 7-бургулоо көзөнөгү (тереңдиги 80 м) менен чыгарылган булакта эң көп өлчөмдө болгон. Анда темирдин концентрациясы 120 мг/лди түзөт. Курамы хлорид-натрийлүү, минералдашуусу 25 г/л. Ачуу туз даамдуу. Чамынды суусунун (Жумгал өрөөнү) алабында акиташ теги менен чопонун чегиндеги тектоникалык жаракалардан бири-биринен 2 м аралыкта үч жерден агып чыгат. Суу көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан. Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү. Сууда 3 мг/л темир бар. Азыркы мезгилде республиканын аймагында темирлүү минералдуу суулардын бирөө да колдонулбайт. Аз кандуулук (анемия) оорусу менен жабыркагандар ичип дарыланса болот.

Булактар түзөтүү

  • Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7