Минералдык жер семирткичтер

Минералдык жер семирткичтер курамында айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн азык болуучу элементтери бар минералдык туздар. Топуракта өсүмдүк өсүшү үчүн керек элементтер болушу өтө зарыл. Алар топуракка органикалык кык, чым жана башка жана М. ж. с. түрүндө берилет. М. ж. с. жөнөкөй жана комплекстүү болуп бөлүнөт. Жөнөкөй М. ж. с. курамында азык болуучу бир гана элементти алып жүрөт. Мисалы, натрий селитрасы курамында азот, ал эми калий хлоридинде калий болот. Татаал М. ж. с. – курамында 2 же андан көп азык болуучу элементи бар жер семирткичтер. Мисалы, калий селитрасында калий жана азот, нитрофоскада азот, фосфор жана калий элементтери бар. Аралаш жер семирткичтер – ар түрдүү М. ж. с. жөнөкөй, татаал жана башка аралашмасы. Практикада азот, фосфор жана калий жер семирткичтери чоң мааниге ээ. Азоттук жер семирткичтер селитралар, аммоний туздары, суюк аммиак, аммиак суусу. Фосфордук жер семирткичтерге фосфор кислотасынын кальций жана аммоний туздары мисалы, фосфоритти майдалоодон алынган фосфорит ундары кирет. Алардын курамында сууда начар эрүүчү Ca3(PO4)2 болгондуктан, алар кычкыл топурактуу кыртышта өскөн өсүмдүктөргө сиңимдүү келет. Жөнөкөй суперфосфат Ca(H2PO4)2CaSO4.2H2O менен аралашмасы – фосфориттер жана апатиттерди күкүрт к-тасы менен аралаштыруудан алынат:

Минералдык жер семирткичтер (NH4NO3).

Ca3(PO4)2 + 2H2SO4 = Ca(H 2PO4)2 + 2CaSO4 Кош суперфосфат - Ca(H2PO4)2. бул туз реакциясынан алынат: фосфор кислотасын алуу жана анын суудагы эритмеси менен фосфоритти же апатитти аралаштыруу:

Ca3(PO4)2 + 4H3PO4 = 3Ca(H 2PO4)2

Преципитат - CaHPO4·2H2O сууда аз , органикалык эриткичтерде жакшы эрүүчү зат. Фосфор кислотасын калий гидроксиди менен нейтралдаштыруудан алынат. Сөөк уну – үй жаныбарлар сөөктөрүн кайра иштетүүдөн алынуучу, курамында Ca3(PO4)2 тузу бар зат. Аммофос фосфордук жер семирткич, к. Калий жер семирткичтери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү