Минквиц тезиуму (лат. Thesium minkwitzianum, B. Fedtsch.) - Жоон тамырдуу, көп жылдык өсүмдүк. Көп сабактуу, түксүз, кырдуу, узундугу 40 см ге чейин жеткен, жыш жалбырактуу. Жалбырактары күңүрт-бозомук, шуудурак, жазы ланцеттей, жээги агыш. Топ гүлү – көп майда гүлдүү чачы топ гүлгө чогулган. Гүлдөрү жазы ланцеттей 3 гүл жандагычтуу. Гүл коргонунун узундугу 11-15 мм, мык сымал, саргыч, кайрылган бөлүгү 5 тилкелүү. Мөмөлөрү – кырдуу, майда чуңкурлуу, сырты эллипстей, торчо тарамыштуу жаңгакча.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май айында гүлдөп, мөмө байлайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргызстандын аймагында Кумбел тоо кыркасынан гана белгилүү (Чаткал тоо тизмегинде). Кыргызстандан тышкары Өзбекстанда (Чаткал коругунда) да өсөт.

Өсүү шарттары түзөтүү

Таштуу беттер.

Саны түзөтүү

7ге жакын өсүмдүгү Чаткал коругунан, 20-30дан ашууну Бешарал коругунан табылган.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Территорияларды адамдын чарбачылык аракетинен өздөштүрүлүшү (курулуш, кен казып алуу иштери).

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казак ССРинин Кызыл китебине (1981),СССРдин Кызыл китебине (1984), Өзбек ССРинин Кызыл китебине (1984) киргизилген. Чаткал (Өзбекстан), Бешарал (Кыргызстан) коруктарында коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Бул түрдү Бешарал коругундагы эң негизги корголуучу түр катары карап, бардык популяциясын санынын эсебин алуу боюнча атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү керек.

Статусу түзөтүү

CR. Субэндем. Жоголуп кетүү коркунучунун алдында турган, өтө эле аз кездешкен реликт, илимге мааниси зор өсүмдүк. Кыргызстанда өскөн төрт түрдүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү