Миопатия (мио... жанa гр. pathos — жапа чегүү, ооруу) — булчуңдун күчөгөн дистрофиясы. Тукум куума ооруларга кирет.

Миопатия булчуң клеткаларында зат алмашуунун бузулушу, нуклеин кислотасынын синтезинин өзгөрүшү жанa булчуң белогунун күчтүү ажыроосунан пайда болот.

Миопатиянын не­гизги белгилери: булчуң атрофиясы, сөөк жанa муундардын деформациясы. Дарылоодо гормон дары-дармеги, В, Е тобундагы витаминдер ж. б. кол­донулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.