Мирбадалаева Адельма (1932, Москва) – түрк тилдүү элдин фольклорун изилдөөчү. Ломоносов атнындагы МГУнун чыгыш бөлүмүн бүтүргөн (1965). Филология илимдеринин кандидаты (1961). Түрк тилдүү элдин фольклорун изилдөөгө арналган көптөгөн илимий эмгектердин автору. А. Мирбадалева “СССР элдеринин эпостору” сериясында түрк тилдүү элдин эпикалык чыгармаларын изилдеп, которуп, басууга даярдоодо орчундуу салым кошкон жана анын редколлегиясынын мүчөсү болгон. Ал Москвадагы “Наука” басмасынын ушул сериядан “Манас” эпосунун эки (кыргыз жана орус) тилде даярдалган төрт томдугун жарыкка чыгарууга катышкан. А. Мирбадалев 1984-90-ж. жарыкка чыккан эпостун үч томунун котормочуларынын, сөздүктөрүнүн, комментарийлеринин авторлорунун бири жана жооптуу редактору. Бул томдордо биринчи жолу СОВ боюнча эпостун илимий котормосу жүзөгө ашырылган (Манастын төрөлгөнүнөн баштап өлгөнүнө чейин). Китептерде тарыхый этнографиялык, географиялык, фольклордук мүнөздөгү илимий комментарийлерге орун берилген. Комментарийлерде китептин негизги тексттерине кирбей калган окуялары айтылып, анын натыйжасында бул ири варианттын сюжетин толугураак камтууга жетишилген. Ошондой эле “Манас” эпосунун КРУИАсынын Кол жазмалар фондунда сакталып турган бардык варианттарына баяндама берилген. Аталган томдордо биринчи ирет башка варианттарындагы окуялардын тизмеси берилип, Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына салыштырма баяндама жасалган. А. Мирбадалева мына ушул иштердин бардыгына түздөн түз катышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004