Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров — Кыргызстандык саясатчы. "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү (2010-2015). "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган (2015-2020). "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын төрөгасы (2020-а.у). Мамлекеттик кызматтын 3-кластагы мамлекеттик кеңешчиси.
Мирлан Бакиров | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
10-октябрь, 2020 — 13-октябрь, 2020 | ||||
Өкмөт башчысы: | Садыр Жапаров | |||
Президент: | Сооронбай Жээнбеков | |||
Андан мурунку: | Мыктыбек Абдылдаев | |||
Андан кийинки: | Канатбек Исаев | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жери: | Кызыл-Үңкүр, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССР | |||
Партиясы: | Республика (2010-2015) Өнүгүү-Прогресс (2015 — 2020) Мекеним Кыргызстан (2020 — а. у) |
Өмүр баяны
түзөтүүМирлан Бакиров 1975-жылы 11-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. Эмгек жолу:
- 1996-1998 — Мамлекеттик салык инспекциясынны Жалал-Абад облусу боюнча акциздер бөлүмүнүн инспектору
- 1998-1999 — "Корпорация "Жалал-Абад" АКнын башкы эсепчиси
- 1999-2003 — Жалал-Абад облустук каржы башкармалыгынын жетектөөчү адиси, бюджеттик бөлүмдүн башчысы
- 2003-2005 — "Марьям и Ко" ЖЧКнын директорунун орун басары
- 2005-2010 — "Дан-Юг" ЖЧКнын директору
- 2010, октябрь — "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү.
- 2015, октябрь — "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.