Миршакар [чын аты-жөнү – Мирсаид Миршакаров; 23. 4(6. 5). 1912, азыркы Тажикстан Респ., Шугнан району, Синдев кыштагы – 1992, Дүйшөмбү] – тажик акыны, коомдук ишмер, Тажик ССР эл акыны (1962), тажик балдар адабиятына негиз салгандардын бири. Ырлары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Тунгуч поэмасы – «Жеңиш туусу» (1934). «Алтын кыштак» (1942), «Багынбас Панж» (1949; экөө тең СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1950), «Ленин Памирде», «Бакыт ачкычы», «Тоо кызы», «Лениндин көз карашы» (1964) поэмалары менен «Бакыт» (1952), «Тажикстан жазы» (1958) ыр жыйнактары – тажик совет поэзиясынын мыкты үлгүлөрүнөн. Мирашкар драматург катары да белгилүү («Ташбек менен Гүлкубран», «Мугалимдин сүйүүсү», «Чек арадан алыста», 1963). Эки Ленин ордени жана башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү