"Мисмилдирик"(Беделдеги каргыш)- кыргыздардын 1916-жылкы козголоңуна арналган роман. Автору - Арслан Капай уулу Койчиев. Романдын баш каармандары: Мукай Камбаров, Камбар болуш, Нарбото, Карагыз апа жана башкалар. 1916-жылкы окуялар "Борду" деген жерди байырлаган, "кудаян" деп аталган чакан уруунун, ушул уруунун кишилеринин тагдырынын мисалында тартылган. 20-кылымдын башында Кыргызстандын түндүгүндө "кудаян" деп аталган уруу болгон эмес, бирок автор 20-кылымдын башындагы кыргыз урууларынын тагдырын жалпылаштыруу үчүн тандап алган мисал. Роман 2009-жылдын этегинде "Бийиктик" басмаканасы тарабынан жарыяланган. Ал эми "мисмилдирик" деген сөз "ың-жыңсыз жоголуу", "дайынсыз жоголуу", "тукуму үзүлүү" дегенди билдирет.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү