Петрашевский (Буташевич-Петрашевский) Михаил Васильевич (1(13). 11. 1821, Петербург — 7(19). 12. 1866) — орус революционери. Врачтын уулу, дворян.

Царскосель­ский лицейин (1839), Петербург ун-тин (укук факультетин) буткен (1841). Тышкы иштер мин-восунда тилмеч болуп иштеген. «Чет тил терминдеринин чөнтөк сөздүгүндөгү» теориялык көптөгөн макаланы жазган жана редакторлогон. Анда Петрашевский демокр. жана матер, идеяларын, утопиялык социа­лизм принциптерин пропагандалаган. Анын үйүндө 1845-жылдан Петербургдагы прогрессчил жаштардын жыйыны өтүп турган. Петрашевский 1848—49-ж. рев-ячыл жашырын коом түзүүгө аракеттенген. 1849-ж. камакка алынып, атууга өкүм кылынган, кийин түбөлүк сүргүнгө айдалган. Жазасын Чыгыш Сибирде өтөп, 1856-ж. кайтат, өлөр-өлгүчө же­ке бийликке, крепостнойлукка каршы күрөшүп келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.