Чехов Михаил Александрович (29. 8. 1891, Санкт-Петербург - 1. 10. 1955, АКШ, БеверлиХиллз, Калифорния) - орус жана америкалык театр актёру, режиссёр, педагог. А. П. Чеховдун бир тууганынын уулу.

Петербург театр мектебин бүтүрүп (1910), Москва Көркөм академиялык театрынын (МХАТтын) биринчи студиясында (1912-23), кийин МХАТ экинчиде көркөм жетекчи (192427) жана актёр болуп эмгектенген. Аткарган ролдору: Эрик (A. С. Стриндберг, «Эрик XIV»), Гамлет (У. Шекспир, «Гамлет») ж. б. 1928-жылдан Германияда жашаган. 1930-39-ж. Париждеги европ. драма театрында иштеген. 1939-ж. Америкада өзүнүн актёрдук мектебин ачкан. Мэрилин Монро, Клинт Иствуд, Энтони Куинн ж. б. белгилүү актёрлор андан билим алышкан. «Оскар» сыйл. ыйгарылган (1945).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4