Михайловский Николай Константинович

Михайловский Николай Константинович (жашырын аты - Гроньяр, Посторонний, Профан ж. б.; 15(27). 11. 1842, Мещовск, азыркы Калуга обл - 28. 1(10. 2). 1904, Петербург) - орус публицисти, социолог, либералдык народниктердин теоретиги, адабий сынчы.

Ак сөөк үй-бүлөдөн. Петербург тоо инженер институтунда окуган 1860-жылдан адабий ишмер. 1868-жылдан «Отечественные записки» журналында иштеп, кийин народниктерге жакындаган. Михайловский орус интеллигенциясын элге кызмат кылууга үндөп, демократиялык салттарды колдогон. Бирок реакциячыл листтик «баатырлар» жана «топураган эл» теориясын колдоп, элди оор абалдан интеллигенция гана куткара алат деген софиялык позитивизмди жактаган. Адабий сынчы катары «таза искусствого», натурализм теориясына каршы чыккан. В. И. Ленин Михайловскийдин көз карашынын теориялык жактан негиздигин көрсөтүп, саясий каталарын ашкерелеп, ошондой эле анын боштондук кыймылда сиңирген эмгегин белгилеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4