Мицелий (гр. mykes — козу карын) — чырмалышкан ичке жипчеден (гифтен) турган козу карындын вегетатив денеси. Субстраттын ичинде же үстүндө өөрчүйт.

Мицелий.

Мицелий клеткасыз (фикомицеттерде) жанa көп клеткалуу (баштыкчалуу, базидиалуу ж. б. козу карындарда) болот. Мицелий өөрчүшүндөгү клеткалар гаплоиддик жанa диплоиддик болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.