Мияшев Таш (1931–2007) - акын, жазуучу.

Таш Мияшев Кара-суу районунун Папан кыштагында 1931-жылы 22-майда туулган. Айылындагы жети жылдык мектепти бүтүп, колхоздо эсептегич болуп иштеген.
1948 – жылы Ош шаарындагы орто мектепке кирип, аны 1951-жылы бүтүрөт да, ошол эле жылы облустук «Ленин жолу» гезитине өз кабарчылык кызматка орношкон.
1952–1957-жж. «Большевик» орто мектебинде мугалим, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, райкомдо инструктор, облустук «Ленин жолу» гезитинде кызматкер,
1959-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облусу боюнча кеңешчиси,
1962-жылдан «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.
1967-жылы Ош мамлекеттик пединститутун сырттан окуп бүтүргөн.
1967–1969-жж. Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунда окуп келип, «Кыргызстан маданияты» гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы,
1972–1975-жж. облустук телерадио комитетинин төрагасы болгон.
1976-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер,
1987-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин өз кабарчылыгына которулуп, ушул кызматта иштеп жүрүп эс алууга чыккан.

Т.Мияшевдин адабий чыгармачылык жолу 1952-жылдан башталып «Коммунизм семафору» деген алгачкы ыры «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине басылган. Ошондон баштап анын ырлары, поэмалары республикалык, облустук гезит-журналдарда жарыяланып келген.
Т.Мияшевдин «Махабат менен коштошуу» аттуу повести экинчи жолу басылып, бул повестин Ош кыргыз драма театры сахналаштырган. Айрым чыгармалары орус тилине которулуп басылган.
Т.Мияшев 1959-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Үзүрлүү эмгеги үчүн «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1970) медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» (1995) деген ардак наамга татыктуу болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Туңгуч күү: Ырлар. – Б., 1966. – 152 б.

Таңды тосуу: Ырлар жана поэмалар. – Б., 1967. – 60 б.

Махабат менен коштошуу: Повесть. – Б., 1968. – 68 б.

Комиссар: Даректүү повесть. – Б., 1969. – 100 б.

Керме-Тоо: Ырлар жана поэмалар. – Б., 1971. – 88 б.

Дарыя күүсү: Ырлар жана поэма. – Б., 1980. – 104 б.

Өлбөстүккө таазим: Повесттер. – Б., 1982. – 316 б.

Алтын аймак: Ырлар жана поэма. – Б., 1984. – 72 б.

Аталар жолу: Даректүү повесть. – Б., 1987. – 199 б.

Ак-Буура ыры: Ырлар. – Ош, 1995. – 176 б.

Генерал: Даректүү баян. – Ош, 1998. – 192 б.

Махабат менен коштошуу: Повесть. – Кант, 1993. – 96 б.

Баарыбыздын атабыз: Даректүү повесть. – Ош, 1998. – 200 б.

Орус тилинде

Поклон бессмертию: – Москва, 1987. – 480 с.