Миң-Жар мөңгүсү
(«Миңжар мөңгүсү» барагынан багытталды)
Миң-Жар мөңгүсү – Чоң Алай кырка тоосунун Түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 8 км, аянты 10,2 км2. Кызыл-Суунун (батыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5850 м, этеги 3680 м бийиктикте. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 2,6 км2. «Тили» узун шынаа сымал кууш келип, фирн облусу көп камералуу жазы төрдө жатат. «Тилинин» учу морена чөкмөлөрү менен текши капталган. Мөңгүдөн Миң-Жар суусу башталып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
- Кыргызстандын географиясы: Энциклопедиялык окуу китеби, башкы ред. Ү. Асанов, Жооптуу ред. Ө.Бараталиев, Бишкек 2004. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2