Миңжылкы мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Ысыката капчыгайынын төрүндө (батыш тарабында) жайгашкан.

Уз. 4,8 км, жалпы аянты 6,8 км2. Башы деңиз деңг. 4840–4800 м, этеги 3680–3683 м бийиктиктерде жатат. Кар чегинин бийикт. 4070–4160 м; абляция облусунун жалпы аянты 3,0 км2. Аянтынын 20%тейи мореналар менен капталган. Мөңгүлөрдөн Миңжылкы өзөнү (Ысыката суусунун башы) башталат.

Колдонулган булак түзөтүү