Миң-Булак байыркы көрүстөнү

Миң-Булак байыркы көрүстөнү – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосу – биздин замандын 1-миң жылдыгынын ортосуна таандык археологиялык эстелик. Нарын районунда, Он-Арча суусуна Оттук суусу куйган жерге жакын жайгашкан. Миң-Булак айылынан 3 км Түндүк тарапта. Көрүстөндөрдүн 1-тобу суунун жайылмасында. 20–22 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,5–0,7 м, диаметри 10–18 м. 2-тобу жайылманын үстүндөгү тектирде, түндүктөн түштүктү карай 2–3 катар болуп жайгашкан. Дөбө-мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,20дан 0,7–1 м, диаметри 5тен 15–20 мге чейин. Үстүлөрү таш менен корумдалган. Дөбө-коргондор 30дан ашат. 1940-жылы археологдор А. Н. Бернштам, А. К. Кибиров, 1981-жылы археолог К. И. Ташбаева изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү