Мнемосхема - башкарыла же текшериле турган объектилердин элементтерин жана алардын өз ара байланышын, иш абалын көрсөтүүчү шарттуу схема.

Мнемосхема башкаруу пульттун же текшерүү щиттин панелине сиг­нал беруу жана өлчөө приборлору менен бирге орнотулат. Мнемосхема башкарылуучу объект татаал, технол. процесс тез өзгөрүлмө, көп параметрлүү болгондо түзүлөт да, диспетчер менен операторго жецилдик берет. Татаалдыгы, мас­штабы боюнча Мнемосхема оператордук жана диспетчердик болуп бөлүнөт. Иштеө иринцибине жараша Мнемосхема жарыктуу (электрдик), чийме (сүрөт) жана айкалыштырылган түрдө жасалат. Айрым учурда Мнемосхема окуу куралы катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.