Моголдор дөөлөтү, Улуу Моголдор дөөлөтү – Индияда 1526-жылы Дели султандыгынын ордуна пайда болгон мамлекет. Негиздөөчүсү – Тимурийлердин урпактарынын бири, өзбектер тарабынан куугунтукталган Захреддин Бабур болгон. Ооганстанга качкан Бабур өзү менен кошо барган түрктөрдүн жана жергиликтүү ооган урууларынын жардамы менен 1525-жылы Дели султандыгына чабуул коё баштаган. 1527-жылы Раджпут мамлекетин моюн сундуруп, Индостан жарым аралына толук ээлик кылып калат. Бабур көз жумган соң такка уулу Хумаюн олтурган. Моголдор жеңип алган жерлерге башкаруунун, аскердик түзүлүштүн жаңы ыкмаларын алып келишкен. Акбардын тушунда (1556–1605) Улуу Моголдор дөөлөтү күч-кубаттуулугунун чегине жеткен. Ал башкаруу жана финансы тармагында бир катар реформаларды турмушка ашырган, мамлекеттин чегин бир кыйла кеңейтип, козголоң чыгарган аймактарды аёосуз жазалаган. Жахангирдин (1605–28), Жахан шахтын (1628–58) тушунда мамлекет башкаруу бошоңдоп, жер-жерлерде козголоңдор чыгып, чет жакадагы жашаган элдердин нааразылыгы күчөгөн. 1858-жылы Англиянын Ост-Индия компаниясы ыдырай баштаган мамлекетти аз сандуу күч менен жеңип алган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.