Мода
Мода (французча mode, латынча modus – өлчөм, эреже; англисче mode fashion, нем. мode) – мезгил-мезгили менен алмашып туруучу, бир нече жылга созулган коомдогу белгилүү бир табиттин, көз караштардын, жүрүм-турум эрежелеринин үстөмдүгү. М. өзүн көрсөтүүчү негизги чөйрө-кийими, керектөө жана престиж предметтери, жүрүм-турум жана ышкылуулук нормалары. М. фактору көркөм буюмдар менен көркөм өнөр чыгармаларынын кеңири чөйрөсүн өз ичине камтыйт жана алардын популярдуулугун, аларга болгон талаптарды аныктайт. Аз убакыт үстөмдүк кылган, өзгөрүлмө табит мүнөздүү М-га туруктуу, терең негизделген көркөм принциптердин бирдигин түзгөн стиль дайыма карама-каршы коюлуп келген. Бирок мындай карама-каршы коюу XIX–XX кылымда шаардык М-га гана тиешелүү болгону туура. Кийим, жасалгалар ага кошумчалар, символикалык маанидеги сүйүктүү үй предметтери байыркы дүйнө менен орто кылымда кандай көркөм жана материалдык маданияттын традиция тарабынан бекитилген эң туруктуу көрүнүштөрүнөн болсо, М. эволюциясына чейинки элдик турмуш-тиричиликте (дыйкан, кол өнөрчүлүк жана башкалар) да так эле ошондой роль ойногон. XIX к. башталышына чейин кийимдеги жана турмуш тиричиликтеги өзгөрүүлөр тез өнүгүп келе жаткан архитектура жана жасалга көркөм өнөр стилдеринин алмашып туруусу менен тикеден тике байланыштуу болгон. Көйрөңдүк, сылаңкороздук, модачыл болуу, чындыгында, бир эле чөйрөгө тааныш, бирок алар жалпы стилисттик белгилерди апыртып көрсөтүүдө, негизинен, жеке өзгөчөлүккө болгон кызыкчылыктын курчуп турган мезгилинде абдан байкалган (Эллинизм, Рим империясы соңку готика, рококо, директория). М. түшүнүгү XVII к. пайда болгон жана француз дворецинин М-сы европалык өлкөлөр үчүн үлгү болуп кызмат кылган. Бирок М-нын стилден бөлүнүүсү стилдик бирдик менен XIX к. ортосундагы «массалык маданияттын» кризисинен башталган. Кийимди моделдештирүү милдетине көнүмүш моделдерден психологиялык чарчоону жана жаңы бычым, түс, силуэт жана башкаларга карата өсүп келе жаткан талаптарды табуу кирген. XIX к. 2-жарымында моделдер үйү (моделдер үйүн Парижде биринчи жолу Ш. Ворт ачкан), модельердик кесип пайда болгон; тигүү өндүрүшү менен бирдикте алар табит мыйзамдарын башкара баштаган. XX кылымда М. индустриясы калыптана баштайт жана ал коммерциялык, эстетикалык жана социалдык максаттарды айкалыштырып, кезектеги моданын үстөмдүк жылдарын дагы бир аз жылга кыскарткан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004