Модерн (французча  moderne – соңку, заманбап) – XX кылымдын башы, XIX к. аягындагы Европалык жана америкалык көркөм искусстводогу стиль (М-дин башкача аталыштары – ар нуво – Францияда жана Англияда, югендстиль Германияда, сецессион – Австрияда, либерти – Италияда, модернисимо – Испанияда). «жаңы көркөм өнөр» М-дин өнүгүүсүндө анын идеялык-философиялык кыртышын неоромантизм түздү жана ал жаңы этапта индивид менен коомдун ортосундагы конфликттин романтикалык идеяларын, көркөм искусство чыгармаларын жаратууда визионердик менен чыгармачыл көрө билүүнүн алдыңкы ролун, сүрөтчү-демиургдун дүйнө куруу миссиясын жандандырды. А. Шопенгауэр менен Ф. Ницшенин теориялары менен бирдикте, материя менен рухтун өзү өнүгүүсүнүн жашырын закон ченемдүүлүктөрү тууралуу окууларга болгон кызыгуунун күчөшү менен (бул окуу буга чейин үстөмдүк кылган позитивдик көз караштарды алмаштырган) бул идеялар М. эстетикасында турмуш менен көркөм искусствонун бардык чөйрөсүндө чыгармачылыкка болгон иррационалдык импульстардын орчундуу маанисине ээ болду. Сулуулуктун (башкача айтканда көркөм искусство каражаттары менен) жардамы менен «бизди курчап турган дүйнөнү өзгөртүү» тууралуу утопиялык идеяларды алып чыгуу менен М. теоретиктери – бельгиялык архитектор жана дизайнер Хенри Ван де Велде, социалдык идеяларга кызыккан англис архитектору жана жасалгачысы Уильям Моррис – асыл максатар менен аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосунда олуттуу карама-каршылыктардын туткунунда калышкан. Курчап турган дүйнөнү өзгөртүү жана «жакшылыктуу» стандарттык массалык продукциянын жардамы менен эле жасалмак эмес, бул болсо бардык көркөм искусствонун келечектеги гармониялык синтезинин элементтерин коомдун бир аз мүчөлөрү билишмек дегенди түшүндүргөн. Көркөм искусствонун синтезинин идеясы М-дин кайталангыс айкын эстетикасынын пайда болушуна шарт түзгөн. Синтездин негизин – живопись менен театр кийиминин моделине чейин бүт көркөм искусство түрлөрүн бириктирген – архитектура түзгөн. М. архитектурасында конструктивдик жана жасалгалык элементтердин органикалык биригип кетиши байкалган, себеби конструкция эстетикалык жактан кайра башкача түшүндүрүлгөн жана курулуштун жасалгалык системасына кирген. Көркөм искусство синтезинин бирдиктүү үлгүлөрүнө М. доорундагы Бельгия, Австрия, Испания, Германия, Шотландия, Россиядагы (Ф. О. Шехтель, Чарлз Макинтош, Антонио Гауди, Отто Вагнер, Виктор Орта жана башка архитектурасы) коомдук имараттар кирет. Эреже катары, алар «ичинен сыртын көздөй» курулган (ички кеңдиги имараттын сырткы көрүнүшүн аныктаган). мындай үйлөрдүн фасады симметриялуу болгон эмес жана тирүү организм сымал өзгөрүп туруучу түзүлүштөргө окшош болуп, бир эле учурда скульптордун табигый формалар менен эркин форма түзүүчү чыгармачылыгынын жыйынтыгын элестеткен. Кол менен жасалган форманын табигый формага же тескерисинче окшоштук принциби М. эстетикасынын эң негизги принциптеринин бири. Бул укмуштай өнүгүүгө ээ болгон архитектуралык формада, имараттын деталдарында, орнаментте жакшы чагылдырылган жана ал жакта архитектуралык форманын ийри сызыктуу сөлөкөттөрүнүн, паракет сүрөтүнүн, дубал панносу, эмерек предметтери менен фантастикалык ар түрдүүлүктөгү зергердик жасалгалар композициясы жана колдонмо көркөм искусствонун башка буюмдарынын байланышы пайда болуп жаткан. Орнамент линиялары өздөрүнө руханий-эмоционалдык жана символикалык маанидеги чымырканууну катып турушкан. М. системасында формалар менен орнаменттер прообразын табигый формалардан башка стилизациянын аркасында радикалдык кайра ой жүгүртүүгө ээ болгон өткөн замандын стилдик белгилери түзгөн. М. чегинде көркөм искусство түрлөрү менен жанрларынын бөлүнбөстүгү, скульпторлук, живопись жана графиканын салыштырмалуу өз алдынча эместигине алып келген жана «колдонмо» жана «станок» чөйрөсүндө бирдей чебер иштеген жана өткөн мезгилдерге сиңип кеткен сүрөтчү-универсалдын тибин кайрадан жандандырган. М. живописи үчүн тегиздик, бүтүн орнаменттүүлүк менен чыгарманын кездемесине киргизилген иллюзионисттик жана натуралисттик деталдардын айкалышы мүнөздүү. Чоң, түстүү тегиздиктер менен иштөө, көп чыгармаларды монохромияга жакындаткан, ал эми күчтүү контурдук линиялар чыгарманын үстүңкү бетин жөргөмүштүн желеси сыяктуу жаап калган жана муну менен кошумча жасалгалык эффект берген. М-дин көркөм тили көпчүлүк учурда символизм образдары менен идеяларын чагылдырган. М. живописи менен Поль Гогендин чыгармачылыгы, «наби» тобунун мүчөлөрү (Морис Дени, Пьер Боннар, Эдуар Вюйяр, Поль Серьюзье), Францияда, Австрияда Густав Климт; Норвегияда Эдвард Мунк, Швейцарияда Фердинанд Ходлер, Россияда М. А. Врубель, В. М. Васнецов, кээ бир иштеринде В. А. Серов, К. А. Коровин «Көркөм искусство дүйнөсү» тобунун мүчөлөрү (А. Н. Бенуа, Л. С. Бакст, К. А. Сомов) байланыштуу болгон. М. алкагында китептик жана журналдык графика (Англияда Обри Бердсли, Германияда Томас Теодор Хайне, Швейцарияда Феликс Валотон, Россияда «Көркөм искусство дүйнөсү» жана «Көгүлтүр роза» топторунун мүчөлөрү, Н. П. Феофилаков жана башкалар) кеңири тараган көрүнүштөрдүн бири болгон плакат менен афиша авторлоруна Францияда Анри де Тулуз-Лотрек, Эмиль Грассе, Чехияда Альфонс муха кирген. Форма жана жасалга тармагында М. жаңылыктары менен идеяларын таратууну Россияга «Көркөм искусство дүйнөсү» (1899–1904), «Алтын руно» (1904–1909) журналдары жөнгө салышкан. М. скульптурасы өзүнүн формаларынын өзгөрүлмөлүүлүгү жана силуэтинин бир укмуштуулугу менен айырмаланган (Францияда Огюст Родендин соңку чыгармачылыгында, Бельгияда Жорж Минесинин иштери, Россияда А. С. Голубкина жана башкалар). Жасалга-колдонмо көркөм искусстводо жандуу менен жансыздын, чындык менен фантазиянын жакындашуусу жана аналогиялар өзгөчө ачык байкалган (испан Антонио Гаудинин керамикасы, америкалык  Луис Комфорт Тиффанинин жана француз Эмиль Галленин айнеги, Рене Лаликтин зергердик жасалгалары, Париждик мэтр Эктор Гимардын металл тосмолору, Россиядагы «Фаберже» фирмасынын буюмдары). М. эволюциясынын акырында жасалга-орнаменттик стихия өз ордун конструктивдик, «пуристтик башталышка» бере баштаган. Ал Россияда Ф. О. Шехтель, Австрияда Отто Вагнер, Йозеф Хофман жана Адольф Лоозанын, Германияда Петер Беренстин, Францияда Огюст Перренин курулуштарынан жана ушул эле чеберлердин дизайндарынан көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү