Модильяни Франко (АКШ) - акча жыйноо процессин жана финансылык рынокторду талдоосу үчүн 1985-ж. Нобель сыйлыгына татыган.

Модильяни Франко (2000)

Америкалык экономист Модильяни 1918-жылы Римде (Италия) төрөлгөн. Ал өзүнүн антифашисттик ишеним жана теги еврей болгондуктун айынан адегенде Францияга, андан кийин Кошмо Штаттарга качууга мажбур болгон. Анын илимий ийгиликтери өзгөчө Массачусетс технологиялык институтунун профессору катары иштегенде пайда боло баштаган.

Анын адам жыйнаган акчасынын өмүр жолу жөнүндөгү гипотезасы көптөгөн өлкөлөрдүн пенсия системасына негиз болгон. 1958-ж. «Модильяни-Миллер теоремасы» аныкталган. Алар баалуу кагаздардан алынуучу кирешени эсептөө методун беришкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9