Модификациялык өзгөргүчтүк

Модификациялык өзгөргүчтүк - фенотиптердин өзгөргүчтүгү, белгилүү генотиптин жашоо-чөйрөнүн ар түрдүү шарттарына жообу. Модификациялардын жүзөгө ашышынын негизи- фенотип. Фенотип - генотиптин жана сырткы шарттардын өз ара аракеттенишинин натыйжасы, ошондуктан сырткы шарттардын өзгөрүшү, генотипти өзгөртпөстөн фенотиптин өзгөрүүсүнө алып келиши мүмкүн. Модификациялардын эволюциялык мааниси, организмдин жеке өөрчүүсүндө сырткы-чөйрөнүн өзгөрүлүп туруучу факторлоруна ыңгайланышын камсыз кылгандыгында. Демек, табигый тандалуу сырткы шарттардын өзгөрүү мүнөзүнө жараша белгилүү кеңдиктеги реакциялардын ченемине ээ генотиптерге ыңгайлуу шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү