Асанбек Молдахматов

Молдахматов Асанбек‎»‎ барагынан багытталды)

Молдакматов, Асанбек (1923, Аламүдүн району – 1993, Бишкек) – театр сүрөтчүсү, живописчи. Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1963). 1940–41-ж. Бишкек көркөм окуу жайында окуган, 1953-ж. Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн. 1953–71-ж. Кыргыз академиялык мамлекеттик опера жана балет театрында сүрөтчү-коюучу, эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө башкы сүрөтчү, 1971–75-ж. Фрунзе шаарынын башкы сүрөтчүсү. 1976-жылдан чыгармачылык ишке өткөн. Ал театрда сүрөтчү катары 30дан ашуун спектаклдерди жасалгалаган. Эң мыктылары: «Ажал ордуна», «Демон», «Жаш жүрөктөр», «Лакмэ», «Акшумкар», «Мурат», «Кусалык», «Кармен», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка опералар, «Италиянын асманында», «Анар», «Корсар», «Аккуу көлү» жана башка балеттер, «Бойдоктор», «Аршин мал алан», «Аста-секин, колукту» комедиялар. К. Молдобасановдун «Куйручук» балетинин сүрөтчү-коюучусу. Живописчи катары пейзаждык жана портреттик этюддарды чыгармачылык менен берүүгө умтулган. Аларга «Ат жайлоо», «Соңкөл», Кыргызстандын жайлоолору жөнүндө тартылган пейзаждар, З. Кайназарова, Т. Бокчубаев жана башка эмгек алдыңкыларынын, Байтик баатырдын портреттери кирет. Бүткүл союздук, Орто Азиялык, республикалык бир катар көргөзмөлөргө катышкан. Пейзаждык сүрөттөрү Москвадагы, Бишкектеги музейлерге коюлган. «Ардак Белгиси», 2-даражадагы “Ата Мекендик согуш” ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү