Молдобеков Кутманбек Нурматович
Молдобеков Кутманбек Нурматович (20.8.1965-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - Чаткал районунун туусунун автору.
- Токмок индустриалдык педагогикалык теникумун (1990), Жалал-Абад мамлекеттик университетин (2008) бүткөн.
- Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1983-85).
- 1982-83-жылдары “Чаткал” совхозунун жумушчусу,
- 1985-87-жылдары Беш-Арал мамлекеттик коругунун егери,
- 1990-97-жылдары №46 айылдык кесипчилик техникалык окуу жайынын мугалими,
- 1995-97-жылдары директорунун окуу тарбия иштер боюнча орун басары,
- 1997-9А8-жылдары райондук маданият бөлүмүнүн кадрлар боюнча инспектору,
- 19982012-жылдары райондук балдардын билим борборунун директору болуп иштеген.
- 2012-жылдан Чаткал райондук балдар музыкалык мектебинин директору.
- Райондук кеңештин депутаты болуп шайланган (2008-12).
- Ардак грамоталар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6