Молдоке кызы Сейдана (1920–2006)

Семетейчи Сейдана 1920-жылы Кетментөбө өрөөнүндө туулган. Негизинен “Манас” жүгүн көтөрүнгөндөр эркектер болуп, аялдар өтө сейрек кездешкен. Анын сыры эмнеде экендигин бүгүнкү күнгө чейин толук түшүндүрүп берген аныктама жок. Мына ошол сейрек кездешкен аял манасчылардын катарына Сейде Дейди кызы жана Сейдана Молдоке кызы кирет. Сейде Дейди кызы белгилүү Кыдыраалы манасчыдан үлгү алып, эмнени айтса да, “бул Кыдыраалыныкы” дечү экен. Ал эми, Сейдана Молдоке кызынын бул улуу жолго түшүп калышы бир топ татаал болгон. Ал тууралуу семетейчи өзү төмөнкүлөрдү эскерет:

“Бул окуя 1958-жылдын май айында болду. Жаш аялметпиз. Турмуш бир топ оңолуп калган. Күн түш ооп бараткан. Балдарыма чай берейин деп эшикке чыккам. Буга чейин жаңы эле казанга нан жапкам. Нан бышкандан калган чокко чөөгүнгө чай койдум эле. Кара чөөгүн шарактап кайнап жатыптыр. Чөөгүндү алуу үчүн эңкейе бергенде “Сейдана” деген бир башкача добуш заңк этти. Колум чөөгүнгө жеткен жок. Башымды өйдө көтөрүп, көргөн көзүмө ишенбей калдым. Эми эле эч ким жок эшиктин алды кылкылдаган эле атчан жоокерлер. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Маңдайымда ак сакалы жайкалып төшүн жапкан, ак калпагы бийик, көгүш тулпар минген адам турат. “Сейдана, - деди ал. – Биз Бээжинге бара жатабыз. Алтын сакал Айкожо, күмүш сакал Күнкожо деген элчи бул!” – деп, дагы бир сакалынан нур чачырап турган кишини камчысы менен жандап көрсөттү. “Намаз убагы болуп калды. Үйүңө “намаз” окуп алалы. Мындан кийин сен бизди айтасың. Биз сага ишеним бердик. Тигил болсо Манас Баатыр, биздин шерибиз. Жакшылап кара!” – деди. Мен карай салып эле, башымды колум менен калкалап жыгылдым. Кудайга тобо, коломтого жыгылып түшпөгөнүмө. Манас Атанын сүрү оңой эмес экен. Аны тике карай албай калганыма эмдигиче арман кылам. Эгерде даана карап калганымда, “Манас” эпосун толугу менен бүт айтып калмакмын.

Манас Ата кийин да жолукту. Бирок суу жүрөк жаным анда да атынан өйдө карай албай койдум. Аккуланын эле бийиктиги 5 кабат тамдан бийик экен. Кулагынан шам күйүп турат. Манас Атаны дит багып караш үчүн баатыр жүрөк керек.

Манас Атаны көргөн адам оңой адам болбойт. Кийин Манасты көрдүм дегендердин көбүн көрдүм. Мен буга ишене албайм. Мен мүмкүн карайт белем. Адегенде эле көзүмө сол жагындагы чолок көк жал арстаны урунбадыбы. Тим эле тытып кетчүдөй октолуп туруптур. Кырк чоросун кийин даана көрдүм. Башымды катып канча жатканымды билбейм. Турсам күүгүм. Балдарым ачка болуп, ызы-чуу. Чай эбак соолуп, от өчүп калыптыр. Эс-мас болгон жаным кайра от жагып, чай кайнатып кирдим. Айлана тыптынч. Бирок эшиктин алды айдап кеткендей казылып калган, туяктардын изи”. Мына ушундай окуядан кийин да Сейдана жомокчулук жолго түшпөй жүрө берет. Анткени, биресе элден тартынса, экинчиден, кайнатасы да каардуу киши болгондуктан, андан коркот. Кийин бир канча жолу түшүнө баатырлар кирип, ар кайсыны айтып коркутушат. Акырында: “Айтпасаң, шерлериңди алабыз!” – дешет. Сейдана ага анчейин түшүнө бербейт. Кийин Арзыбек, Дөөлөтбек, Мырзабек, Таласбек деген төрт баласы тең сопсоо жерден эле биринин артынан бири чарчап калганда түшүнүп, балдардын күйүтүнө чыдабай жинди болуп калат. Ошондо да Баатырлар айтасың деп кыйноого алышат. Ээн жерлерге барып, айта баштайт. Алгач “Семетей” эпосунан баштайт. Жанымда Каныкей, Айчүрөк, Семетей үчөө сүрөп турду деп эскерет өзү ал тууралуу. Ал эми “Семетей” эпосун айтып калуусун мындайча түшүндүрөт:

“Баатырлар эки топ болуп келет. Экөөнү тең Бакай аба баштап келет. Бакай абанын бир айырмасы, жоо-жараксыз жүрөт. Биринчи топтогу баатырлар; Манас Ата, Алмамбет, Чубак, Сыргак, кырк чоро, Музбурчак, Көкчө, Кошой, Кыз Сайкал. Булар шейит болгон баатырлар. Экинчи топтогу баатырлар; Семетей, Гүлчоро, Бакай аба өзү, Айчүрөк, Каныкей, ак байбиче Чыйырды эне, булар кайып болгондор. Мына менин семетейчи болушума ушул экинчи топ чоң сүрөөн берди. Булар тигилердей болбой жай келишет. Алмамбет менен Семетейдин жүзүнөн алтын нур төгүлүп турат. Алар Манас Атадай ачуулуу эмес. Манас Атаны караш өтө коркунучтуу”.

Ошентип кыйналып жүрүп, Торкенде слёт өтүп жаткан жерде биринчи жолу эл алдында “Манас” айтат. Анан бат эле оозго алынып кетет. “Жинди” деген аты калып, “Семетейчи Сейдана” атыгат.

Семетейчи Сейдананын варианты салттык туруктуулуктан чыкпаганы менен өзүнчө өзгөчөлүктөрдөн да куру эмес. Ал окуянын курулушунан да, нерселерди, же баатырларды сүрөттөөдөн да байкалат. Алсак, Канчорону ак сүтүн берип чоңойткон Каныкейдин каргышы коё бербейт. Мындай айырмачылыктар анын айтымында өтө эле арбын. Анын айтуусундагы Тайбуурулдун сүрөттөлүшү: “Ак арпа жесе аш кылган, Адырмакка маш кылган. Келишимдүү маңкайган, Кең соорусу даңкайган. Ар мүчөсү келишип, Кызыл буурул чаңкайган. Кашка тиши кадоодой, Кара тили бүлөөдөй. Азуулары болоттой, Чаткаягы колоттой. Жараганы кабыктай, Жалдын асты жабыктай. Семиргени сүмбөдөй, Секиргени бүргөдөй. Кең соорусу кетмендей, Керилип колуң жеткендей. Кебездей болгон көкүлү, Көзүнө ченеп керткендей. Туягында тура жок, Жүрөгүндө жара жок...” Сейдана Молдоке кызы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1994) - аялдардан чыккан сейрек кездешүүчү талант ээси, семетейчи Сейдана 2006-жылдын 24-мартында 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Булак:К 97 Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.