Молекулалар аралык өз ара аркеттенүү

Молекулалар аралык өз ара аркеттенүү— электрдик бейтарап молекулалар же атомдордун өз ара аракеттениши.

Ал молекулалардын аралыгына көз каранды жанa өз ара аракеттенүү потенциал энергиясы U (г) аркылуу аныкталат. Аны алгач (1873) голланд илимпозу Я. Д. Ван-дер-Ваальс газ менен суюктуктун касиеттерин түшүндүрүүдө колдонгон. Анын түшүнүгү боюнча жакын жайгаш­кан молекулалар арасында бири бирине түртүлүш күчтөр аракеттенет, ал эми молекулалар аралыгы алыстаганда ал күчтөр тартылыш күчтөр менен алмашылат. Бул түшүнүктүн негизинде реалдуу газ абалынын Вандер-Ваальс теңдемеси түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.