Молекулалык масса – мол-нын курамына кирген атомдор массаларынын суммасы. М. м. ж-дөгү түшүнүк газ же буу абалындагы заттар үчүн гана эмес, катуу заттар (иондук кристаллдар) жана бир нече зат аралашмасы үчүн дагы колдонулат. Кээде курамы белгилүү, ар кандай заттар аралашмасынын М. м. аныктоого болот. Мисалы, азот, кычкылтек жана башка газдар белгилүү катнаштагы аралашмасынан турган абанын М. м. орто эсеп менен 29 деп кабыл алынган. Заттар маанилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири М. м. ар түрдүү заттар үчүн ар башка мааниге ээ. Жөнөкөй мол-лар ( Cl2, H2, N2 жана башка) үчүн М. м. кичине өлчөмдө болсо, белоктор, нуклеин к-талары, клетчатка, крахмал сыяктуу био- жана жаратылыш бирикмелери үчүн млн, млрд жетет. Газ абалындагы заттар М. м. аныктоодо Авогадро закону колдонулат. Нормалдуу шартта (00С, 1 атм.) бир моль газ 22,4 л көлөмгө ээ. Газ тыгыздыгын аныктап, моль саны аркылуу М. м. эсептеп чыгарат. Эритмедеги заттар М. м. аныктоодо эбуллиоскопия жана криоскопия методдору колдонулат. М. м. ири мол-лык массалуу бирикмелер үчүн анын физ. касиетин көрсөтүүчү негизги мүнөздөмө. Полимер М. м. билүү макромол-лар уз. мономерлер орточо саны, полимерлешүү даражасы жана башка ж-дөгү түшүнүктү берет. М. м. химимялык , физ. жана химимялык -технологиялык эсептөөлөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү