Моло – бейит белги. Молону кыштан, момо томолоктордон жасашкан. Мүрзөнүн казылган жеринин үстүнө калыңдыгы 0,80–1 метр пайдубал куюп, үстүнө кыш момосун тизип улам жогорулаган сайын ичкертишкен. Ортосундагы ачыкка бош топуракты салып катуу тапташкан. Бийиктиги 2 метрден ашканда калың дубалдары бири-бирине жакындап бош топурак салуучу жери да кичирейет. Жогорку жагынын так ортосуна катуу жыгачтан, темирден же темир бетондон мамы орнотот. Жалпы узундугу 3,5–4 метр. Сыртын шыбап, акташат. Мындай бейит белги сейрек болсо да азыр деле колдонулат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.