Молтоев Сулайман
Молтоев Сулайман - 1901-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.
- Атасы Молтойдун дүнүйө-оокаты Сулайманды арапча билим алууга мүмкүнчүлүк бергендиктен, кичинесинен тамга таанып калат.
- Совет бийлиги орногондон кийин, Сулайман Көк-Арт айылында колхоз уюштурууга алгачкылардан болуп киришип, колхоздо ар кандай кызматтарды аркалайт.
- 1933-жылы ыктыярдуу отрядка кызматка өтүп, Көк-Арт өрөөнү гана эмес, Өзгөн, Алайкуу, Ош, Алай тараптагы басмачыларга да каршы күрөшкөн.
- Ошол жылдары Ликбезде да окуп, сабатын жойгон.
- 1938-жылы айылына келип, ветеринар болуп кызмат кылган.
- 1947-жылдан баштап, Кызыл-Октябрь колхозу, Октябрское айылындагы Красный Октябрь колхозуна кошулганга чейин, колхоздун төрагасы болуп иштеген.
- Андан кийин колхоздо ар кандай кызматтарда иштеп, ОктябрКкое айылынын өнүп-өсүшүнө зор салымын кошкон.
- 1988-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3