Момокон баатыр

Момокон‎»‎ барагынан багытталды)

Момокон (болжол менен 18-кылымдын башы–1780-жылдан кийин) – солто уруусунун баатыры, Кошой бийдин уулу. Оозеки санжыралар боюнча Тагайдан Богорстон андан Эштек. Эштектен Солто. Солтодон Чаа. Чаадан Каракчы, Талкан. Талкандан Коңурбай, Кошой. Жамансарт менен Момокон Кошойдун Бөжөк деген аялынан. Экөөнөн башка Кошойдун Баймырза, Мамбет, Кочкорбай деген балдары бар. Момокон жашынан Эр Солтонойдон таалим алып, он үч жашынан калмактарга каршы жүрүшкө аттана баштаганы айтылат. Эр Солтонойдун акыркы жүрүшүндө да анын жанында болгон. Жуңгар хандыгы жоюлгандан кийин кыргыздардын Чүйгө келишине салым кошуп, талкан уруусунун атынан Балхаш көлүнүн түштүк-батышындагы Уландын Учугу, Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы-Куучоку (азыркы Чу шаарынын чыгышы - Балхаш көлүнүн батыш аймактары) деген жерлерди казактын уйсун, дуулат урууларынан коргоодо чоң роль ойногон. Бирок башка кыргыздарга кеңешпей, Жайыл жана Садыр баатырларга кошулуп, Чолок-Коргон, Сузакка жете казактарды чаап, Ташкент шаарынан Улуу жүз, Орто жүзгө каттаган кербенди талап-тоноого катышкан. Ага жооп кылып, Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар 1768-ж. жазында Олуя-Ата тараптан кыргыздарга кол салган. Кыргыздар катуу каршылык көрсөтүп, согушта экөө тең өлгөн. Алардын куну, аны менен кошо бир кыз жана беш миңге жакын кара малын доо кылган казактар Абылай ханга кайрылган. 1768–69-ж. Абылай жана Абылпейиз султандар кыргыздарга каршы бир нече жортуул уюштуруп, Таластагы Каработо бийдин айылын чапкан. Кыргыздарды чаап алуу үчүн Абылай 1768-ж. күзүндө уулу Валини аманат кылып, Пекинге элчилерин жиберет, бирок Цинь өкмөтү Абылай кишилерин аманатка атак-даңк алууну гана көздөп жиберип жатканын эскертип, Валини артка жөнөткөн. 1769-ж. Оренбург губернатору И. А. Рейнсдорпко кат жазып: «сырткы жоодон (Кытай) коргонуу үчүн оң миң, жакындагы душманга (кыргыз) каршы миңге чейин жана ич арага (казак уруулары) 500 аскер» сурап, мындай өтүнүчүн 1772-ж., 1776-ж. дагы кайталаган. Абылайдын минтип, кайра-кайра орус бийлигинен жардам сурап жаткан максатын өз өкмөтүнө түшүндүргөн тилмеч Я. Усманов: «башка эмес, кыргыздарга каршы, кыргыздар туткунга алып кетишкен түркстандыктарды куткарып, аларды, кыргыздарды багындыруу» экенин билдирген. 1772–73-ж. Абылай дагы бир жолу Ташкент шаарын алып, кыргыздарга кайрадан кол салууга даярданып, Азиреттин Кара-Тоосуна (азыркы Таразга жакын) көчүп келгенин уккан Эсенкул баатыр Түлөберди башында турган бир нече элчини казактарга жөнөткөн. Элчилердин жүйөөлү сөзүнө макул болгон Абылай: «кан төгүшпөйлү, тентегиңерди тыйгыла, силер тынч турсаңар, биз да тынч турабыз» деп, жалпы кыргызга арнап, белек-бечкек тартуулап узаткан. Абылайдын сөзүн эп көргөн Эсенкул кайра эле Түлөбердини жана Кебек бийди жиберип, Момокон, Садыр, Жайылды тынч туруп, казактар кол салса гана жооп берүүгө чакырган жана чачыранды болбой, Олуя-Атадан берилеп, чогуу турууга кеңеш берген. Момокон менен Жайыл адегенде макул болгон, бирок Садыр баатыр «кысталак Абылайдын колун бир кайрып келели» деп сунуш кылганда, андан баш тартпай, Көшөгөнүн Көк-Жото деген жерге чейин жетип, казактарды чаап, ботбай уругунун ичинен Кудайкул тукумунан Абылайдын кол башчыларынын бирин өлтүрүшкөн. Натыйжада казактар кайрадан Абылайга арызданганда, ал кыргыз сага кылбасам деп, «1779-ж. балдарын, казак бийлери м-н билермандарын чогултуп, кеңеш жасаган жана 12 миң кол жыйнап», кыргыздарды чаап алууга жашыруун даярдана баштаган. Ботбай уруусундагы короолоштон казактын Жоогач баатыры Момокон менен дос болгон, ал көмүскө келип, Абылайдын зоот каңдап, согушка даярданып жатканын, тез арада Эсенкул, Кебек, Качыкелерге кабар берүүнү эскерткен. Бирок Момокон «Абылайды сайып алам» деп, кенебей койгон. 1779-ж. октябрь айындагы маалыматка караганда, Абылай Түркстан менен жапайы кыргыздардын ортосуна көчүп келип, баласы Чынгыз султан жана жакын тууганы Абулфейиз султанды же кыргыздар менен келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн аттандырат. Бирок, алардын жолу болбой калган. Натыйжада, Абылай өзү көп сандагы колу менен барып, кыргыздарды капысынан басып (делал сильное нечаянное на киргизов наступление), атактуу бийлеринин балдарын 15 үй-бүлөсү менен колго түшүрүп (Алымбектин санжырасында Жайыл жана Садыр балдары менен), бешөөсүн өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. «Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин башкы себептерин» орус бийлигине талдап берип жаткан Я. Усманов биринчиден, бул чабуулдун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү, экинчиден, Абылайдын кыргыздарды амал кылып, орус жана цинь империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мис., Абылай өз колундагы аскер качкыны Яков дегенди согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жеткенин көргөзөт. Алымбектин санжырасында Абылай колун үчкө бөлүп, бири түнкүсүн келип Капкадагы Садырдын айылын чапса, экинчиси Олуя-Ата, үчүнчүсү Корготу суусун карай багыт алган. Садырдын айылы чабылганын уккан Момокон, Жайылдар шашылыш кол жыйнап, таң ата Корготу суусунун жээгинен казактар менен беттешкен. Бир аздан кийин казактар кача баштап, кыргыздар кууп жөнөгөндө, Абылай жетектеген экинчи кол арттан чыккан. Эки колдун ортосунда калганда, Бөрүбай баатыр баштаган бир аз кыргыз курчоону жарып кеткен. Бул салгылашууда Момокон, Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике; Садыр баатыр уулу Доскулу ж. б. колго түшүп, көп кыргыз баатырларча курман болгон. Жоогач баатыр арага түшүп, Момокон менен Жайылдын уулу Итикени казактардан бошотуп алган. Мындан кийин Момокон жөнүндө маалыматтар жолукпай калат. О. Сыдыковдун санжырасы жана М. Байгариновдун маалыматтарында Момокондун Жыргал деген аялынан Үчүкө, Карабай, Тоопай, Аалыке: Чүрпөдөн Ыман, Орус, Назар: Күлчөдөн Жанмырза, Сопу: Апаштан Алыбек, Боку. Булардан тышкары Саргалдак, Бектемир, Төлөмүш, Таажыбаатыр деген тондуу балдары болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Турганбаев Э. Взаимоотношения кыргызов и казахов во второй половине XVIII в. и проблемы их исследования. //Кыргызстан тарыхынын маселелери. №1, 2007.