Монада (грек тилинен келген monas, monados – жалгыз, жеке, бөлүнбөс бүтүн) – айрым философиялык системаларда колдонулган болмуштун негизги элементтерин белгилөөчү түшүнүк. Бул түшүнүк пифагорчулардын жана платондук Байыркы Академиянын идеяларынын негизинде дүйнөнү түшүндүрүүчү баштапкы принцип иретинде орун алган. Монада түшүнүгү жаңы мезгилдин философиясына Николай Кузанскийдин жана Брунонун пантеисттик интерпретациялоосунан өтүштү.


Брунодо Монада чексиз Асмандагы макрокосмос менен микрокосмостун биримдиги принцибине ылайык чагылдырылат. 17-кылымда Монада түшүнүгү испан схоласты Суарестин, англис платончусу Генри Мордун, немец натура философу Ф. М. Гельмонттун философиясында маанилүү роль ойнойт. Монада Лейбництин (1646–1716) бүткүл идеалисттик философиялык системасынын ачкычы болуп, дүйнө түзүлүштүн негизин түзгөн бөлүнбөс рухий түпкү элемент, атом түшүнүгүнүн идеалдуу түрү. Лейбництен соң Монада Вольфтун мектебинин идеалисттик рационализминин духунда иштелип чыгат.

Монадология идеясы 19-кылымдын философу Гербарттын, Лотценин жана башка 20-кылымда Гуссерлдин, Уатхейттин философиясында кездеше калат. Персонализмдин бир катар өкүлдөрүнүн (Ренувье, Мах-Таггарттын жана башка) филофиялык көз карашынын негизинде да монадологиялык ыкма жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү