Монополисттик (жекебасар) иш-аракет

Монополисттик (жекебасар) иш-аракет – атаандаштыкка жол бербөөгө, чектөөгө же жок кылууга багытталып, базардагы үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануу же өзүнүн контрагенттерин экономикалык жактан көзкаранды кылуу аркылуу коомдук кызыкчылыкка жана башка чарбакер субъекттер менен товар керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына зыян келтире турган чарбакер субъекттердин же аткаруу бийлик органдарынын М. и-терди чектөө, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү мыйзамга кайчы келе турган аракет (аракетсиздик). Мындай аракеттерге төмөндөгүлөр кирет: а) базардагы товар таңсыктыгын арттырып, бааны көтөрүү максатында сатыкка чыкчу товарларды алып коюу; б) контрагенттерге пайдасы жок же башка чарбакер субъекттер менен тең эмес шарттарды таңуулоо; в) контрагенттин (керектөөчүнүн) эч кызыкчылыгы жок товарларды алганда гана келишим түзүүгө макулдук берүү; г) башка чарбакер субъекттердин базарга чыгуусуна жолтоо болуу; д) ченемдик актылары тарабынан белгиленген баа бычуу тартибин бузуу. Ошондой эле базарда үстөмдүк кылган субъекттердин атаандаштыкты чектөө аракеттери да М. и-ке кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү