Монументтик көркөм искусство

Монументтик көркөм искусство – кеңири коомдук идеяларды үгүттөгөн, массалык кабыл алууга эсептелген табигый же архитектуралык ансамблде толук аяктаган көркөм образды түзгөн, станоктук көркөм искусстводон айырмаланган көркөм искусствонун бири. М. к. и-го скульптуралык монументтер, эстеликтер, панно, мозаика, фрескалар кирет (к. Монументтик живопись жана монументтик скульпторлук макалаларын). Кээде М. к. и-нун чыгармаларын монументтик-жасалга көркөм искусствонун чыгармалары деп аташат, себеби алар бир эле учурда идеялык көркөм пропаганда үчүн жана ансамблдеги эстетикалык кооздукту күчөтүү максаттарында колдонулат. М. к. и. чыгармалары музейлер, жеке турак жай үчүн эмес, аянттарда, көчөлөрдө, парктарда, чоң коомдук имараттардын алдында орнотулат. Бул көркөм искусство эл массасына активдүү таасир калтырат. Ал дайыма элге чакырык менен кайрылып, өз объектисин бекемдеп, даңктап турат, ошондуктан М. к. и. өзгөчө бир бүтүндүктү, ачыктыкты, образдык максаттуулукту, чоң масштабды, жөнөкөй жана күчтүү формаларды талап кылат. Совет өлкөсүндө М. к. и. өзгөчө мааниге ээ жана пландаштырылган шаар куруу иштерине карата зор коомдук курулуштарды, гидростанцияларды, канал, метрополитен, аксарайларды, маданият парктарын, клуб, театрларды куруу менен кеңири өнүгүү мүмкүн­чүлүктөрүнө ээ болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү