Мончо - денени тазалоо үчүн гана эмес, эс алуу, организмди чыңдоо, дарылоо максатында колдонулат.

Мончо
Сауна

Таасири түзөтүү

Мончонун негизги процедурасы — ысык буу. Жогорку температуранын таасиринен кан тамырлар кеңейип, терини, муундарды, булчуңдарды, ички органдарды кан менен камсыз кылуу жакшырат, жүрөктүн согуусу тездейт, зат алмашуу процесси жогорулайт, кычкылтекти керектөө жана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу көбөйөт. Адам катуу тердей баштайт. Тер жана май бездери күчөп иштеп, тери тазаланып, зат алмашуу продуктулары тез бөлүнөт. Ысык бууга аябай тердөө булчуң этти жумшартат, булчуңдардын чарчашы жоголуп, эмгекке жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мончодо катуу тердеп, зат алмашуу күчөйт, май катмарлары азаят. Мончого такай барган адамдын салмагы туруктуу болот. Врачтын консультациясысыз адам арыктоо үчүн мончо процедураларын жасоого болбойт.

Мончонун түрлөрү түзөтүү

Көбүнчө буу мончосу жана кургак аба мончосу (сауна) болот, алар температурасы, нымдуулугу боюнча бири биринен айырмаланат. Буу мончосу 55 — 60°ка (кээде 60—70°) чейин ысытылат, салыштырма нымдуулугу 70— 90%; саунанын температурасы 90—100°, салыштырма нымдуулугу 10—15%. Саунадагы температураны буу мончодогуга караганда адам жеңил көтөрөт, себеби буу мончосунда нымдуулук жогору болгондуктан адам аз тердейт.

Эрежелери түзөтүү

Мончо процедуралары адамга жагымдуу таасир тийгизиши үчүн белгилүү эрежелерди сактоо зарыл. Мончого ачка же тамакка өтө тоюп алып, же уктарда барууга болбойт, саунанын ысык буу менен тердөөчү бөлмөсүнө — кургак, ал эми буу мончосуна денени жылуу суу менен чайкап жиберип, анан кирүү керек. Башты суулабай кургак кирген оң, анткени кургак чач, жүн же фетр шляпа кийүү, башты өтө ысуудан коргойт. Саунанын ысык буу менен тердөө бөлмөсүндө 10 мин., буу мончосунда 5— 7 мин. гана болуу керек. Буу бөлмөдөн чыккандан кийин кээ бирөө муздак суу менен чайканышат. Бул процедура кан тамырларды чыңдап, машыктырат. Мончого жаңы баргандар адегенде жылуу суу менен, кийин анын температурасын улам төмөндөтүп чайкануу максатка ылайык. Тердеп чыккандан кийин 10 — 15 мин. эс алуу керек, суусаганда оозду муздак суу менен чайкап же 1 стакан суу, чай ичсе болот. Мончого барган күнү башка күнгө караганда суюктукту көп ичүүгө болбойт; андан чыкканда кээ бирөө пиво ичет, ал жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирет. Ысык буу бөлмөсүнө бир нече жолу кирүүгө болот, бирок жаңы баргандар 2 жолу кирсе жетиштүү. Ар бир кирип чыккандан кийин 10 —15 мин. эс алуу керек. Мончонун көптөгөн дарылоочу касиетине карабастан улгайган толук адамдар, сасык тумоодон жаңы жакшы болгондор врачка кеңешип, анан баруу керек. Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, учук, өпкө жана бронхтордун өнөкөт оорулары менен жабыркагандар врачтын уруксаты менен гана мончого барууга тийиш. Калкан сымал бездердин, гипертония ооруларынын оор түрүндө, жүрөк жана мээнин кан тамырларынын күчөгөн атеросклерозунда, жүрөк кемтигинде, кош бойлуу аялдарга, кичине балдарга ысык аба же буу бөлмөсүнө кирүүгө болбойт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8