Морицсала - Латвиядагы (Вентспилс району) түн.-батыш бөлүгүндөгү корук.

Морицсала.

Ал Морица аймагынан (83 га) жана Усмас-Лузикерте көлүнүн батыш бөлүгүн ээлейт.

Жалпы аянты 835 га 1912-ж. түзүлгөн. Жеринде ар кыл өсүмдүк: көбүнчө жазы жалбырактуу эмен, ак кайың, байтерек, ольха, карагай жана Кызыл карагай; республикада сейрек кездешүүчү чоптор; липа токою, эцилчек, козу карын, балыр ж. б. өсөт. Корукту коён, түлкү, түркүн куш мекендейт. Көлүндө келгин сонолор токтойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.