Мориц Шлик (нем. Moritz Schlick, 1882–1936) – австрия философу, физик жана логик; Росток, Кил, Венада, 1931–1932-жылы Берлиде (Калифорния университетинде) профессор; Вена штриминин негиздөөчүсү; эмпирикалык реализмдин өкүлү. Р.Карнап менен Л. Витгенштейндин таасирин алуу менен, ал негизинен акыйкат проблемасын, таанып-билүү теориясын, логика менен математиканын априордуу мүнөзү жөнүндөгү маселени иштеп чыккан.

Мориц Шлик.

Ал априордуу синтездик ой жүгүртүү мүмкүндүгү бар деп эсептөө менен психофизикалык проблеманы физикалык жол менен чечүүгө аракеттенген. Философиянын милдети-түшүнүктөрдү логикалуу чечмелеп берүү. Мындан тышкары Шлик мейкиндик, мезгил, материя, себептүүлүк, ыктымалдык, органикалык, дөөлөттөр, гедонизм, эрк эркиндиги, этикалык жүйө-себеп түшүнүктөрдү изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү