Морозов иш таштоосу - 1885-ж. 7(17) - январда азыркы Орехово-Зуево текстиль фабрикасындагы жумушчулардын ири кыр көрсөтүүлөрү.

Эмгек акы төмөндөшүнөн жанa штрафтын көбөйүшүнөн чыккан. Ага жумушчу И. А. Моисеенконун жанa В. С. Волковдун жетекчилиги менен 8 миңдей жумушчу катышып, эмгек акыны көбөйтүү, штрафты азайтуу талабын койгон. Иш таштоо куралдуу күч менен басылып, 600дөн ашык жумушчу камалган, 33 жумушчу сотко берилген.

И. Моисеенко 5 жылга, В. Волков 3 жылга түн. губернияга айдалган. Морозов иш таштоосу жанa андан кийинки ири иш таштоолор падыша өкмөтүн 1886-ж. 3-июнда штрафтар жөнүндө закон чыгарууга аргасыз кылган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.