Морфемика - тил илиминде тилдин морфемикалык курулушун, сөздөрдү морфемаларга жана анын типтерине бөлүштүрүүнүн жыйындысын, морфемалардын түзүлүшүн жана типтерин, алардын бири-бирине жана жалпы эле сөзгө болгон катышын изилдөөчү бөлүгү.

Морфемиканын негизги изилдөө объектиси - морфема, алардын форма жагынан өзгөрүүлөрү. Сөздөргө морфемикалык анализ жүргүзүү сөздүн курулушун талдоо ыкмалары катары, сөздүн курамындагы бардык формаларды, анын маанилерин ажыратып көрсөтүү катары аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4