Морфонология
Морфонология – тил илиминин ар кыл типтеги морфемалардын түзүлүшүн, морфологиялык максатта колдонулган фонологиялык айырма-чылыктарын изилдөөчү бөлүгү. Терминге карата болгон тар түшүнүккө ылайык, Морфонологиянын объектиси - бир морфеманын составындагы фонемалардын вариациялануусу.
Ал кең түшүнүктө алганда, Морфонологиянын объектиси:
- 1) ар кыл типтеги морфемаларды тыбыштык (фонологиялык) жактан;
- 2) форма жана сөз жасоо процессинде морфемалардын кайрадан түзүлүшүн жана алардын биригүүсүн;
- 3) морфемалардын кошулушундагы чектик белгилерин изилдөө болуп эсептелет.
Морфонология фонология жана морфологияны байланыштыруучу звено катары грамматиканын өз алдынча бир бөлүгү морфологиянын тутумуна кирет.
Азыркы учурда Морфонология боюнча изилдөөлөрдө морфонологиялык кубулуш-тардын функционалдык маанилерине негизги көңүл бурулууда.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4