Москаленко, Иван Васильевич

Москаленко Иван Васильевич (1912, Георгиевка айылы; Курдай району, Казак ССРи — 16.11.1941, Москва облусу, Дубосеково разъезди) — Советтик Союз Баатыры (21.07.1942[1]).
Согушка чейин Жети-Өгүз районундагы байланыш конторасында эсепчи болуп иштеген.
1941-ж. июлдан Советтик Армияга чакырылган. Ошол эле жылдан согушка кирген. Батыш фронттун 16-армиясынын 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Москва облусунун Волокаламский районунда саясий жетекчи В. Г. Клочковдун башчылыгы астында жоокерлердин тобу менен душмандын көптөгөн чабуулуна каршы урушка катышкан. Бул жоокерлер тобу душмандын 18 танкасын жок кылган.
Бишкек шаарында «Жаш Гвардия» проспектисиндеги Баатырлар аллеясында Москаленконун бюсту орнотулган.
Ленин ордени менен сыйланган. Баатырдын аты менен деңиз флотунун кемеси аталган. Немидов айлында баатырларга арналган музей бар. Баатырдык көрсөткөн жеринде мемориал орнотулган.

Москаленко Иван Васильевич

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 21 июля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 23 июля (№ 28 (187)). — С. 1.