Москва мамлекеттик академиялык көркөм институту

Москва мамлекеттик академиялык көркөм институту В. И. Суриков атындагы – Россиядагы сүрөт искусствосу боюнча жогорку көркөм окуу жайы. Живопись жана ийчилик окуу жайы менен байланыштуу. 1937-жылы Москва сүрөт институту аталып, 1948-жылы В. И. Суриковдун ысмын алган. Окуу жайдын реалисттик сүрөт искусствосунун очогуна айланышына анын алгачкы ректорлору И. Э. Грабарь менен С. В. Герасимовдун (1930–40-жылы) салымдары зор. Институтта ар кандай мезгилдерде ири чебер сүрөткерлер тобу (Д. С. Моор, Б. В. Иогансон, А. А. Дейнека, В. А. Фаворский, М. Г. Манизер, Д. К. Мочальский, С. А. Чуйков, А. М. Грицай, Н. В. Томский, В. А. Лазарев, Т. Т. Салахов жана башкалар) сабак беришкен. Институтта живопись, графика, скульптура факультеттери, станоктук, театр-жасалга, монумент живописи, китеп, плакат, станоктук графика өнөрканалары бар. Институтта Европа, Азия, Африка өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алышат. Кыргызстандан А. Мухитдинов (скульптор), С. Төрөбеков, М. Сыдыкбаев (театр художниги), А. Бейшенов, Ж. Кадралиев, Ж.Үмөтов, К. Аманкожоев, А. Асранкулов (живописчи) жана башкалар. сүрөтчүлөр билим алышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү