Мотивдер (психологияда) — адамдын кайсы бир мүдөөсүн канааттандырууга түрткөн нерселер.

Азыркы пспхологияда «Мотивдер» термини адамдын активдүүлүгүн козгогон ар түрдүү абалды туюнтуу үчүн айтылат. Мотивдерге мүдөө, талап, инстинкт (сокур сезим), кызыгуу, эмоция, установка, идеал кирет. Психологияда Мотивдер адамдын иш аракетин жанa аң-сезимин изилдөөгө байланыштуу каралат. Мотивдердин предметтик жанa социалдык табиятын ырастоо алар инстинктке же эмоцияга көз каранды деген теорияларга каршы турат. Мотивдердин туңгуч түрү — материалдык мүдөөлөрдү канааттандыруучу нерселер, буюмдар. Кийин идеалдуу нерселер да (тигил же бул түрдөгү аң-сезимдүү максат ж. б.) Мотивдерге айланат.

Демейде адамдын иш- аракетин бир нече Мотивдер шарттайт: бири — башкы. калгандары көмөкчү мааниге ээ болот (мис., эмгектин накта Мотиви жанa аны материалдык жактан стимулдоо). Мотивдер өз ара жанa курчаган жагдайлар менен ар кандай мамиледе болот: бири бирин күчөтөт, же пастатат же жагдай, шартка каршы келет. Ошондуктан адамды тигил же бул ишке түрткөн Мотивдерди аныктоо оңойго турбайт. Мотивдердин өнүгүшү алардын байышынан гана эмес, белгилүү бир иерархия түзүшүнөн да көрүнөт. Демейки мүдөөлөрдү канааттандыруучу Мотивдердер социалдык жанa рухий Мотивдерге баш иет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.