Мотив (философия)
(«Мотив(философия)» барагынан багытталды)
Мотив (гр. motif, лат. moveo – кыймылдатам) – адамдын кээ бир керектүү талабын канаттандыруу үчүн иш-аракетин шарттаган баам-парасаттуу ниетинин күүсү, себеп, далили. Керектөөнүн негизинде келип чыгуу менен Мотив анын аздыр-көптүр чагылдырылышын түшүндүрөт.
Мотив эрктин аракетинин белгилүү негизделиши жана далили болуп саналып, адамдын коомдук талабына мамилесин көрсөтөт. Мотив иш-аракетти жана жасаган мамилени баалоодо маанилүү роль ойнойт, анткени андан адамдын субъективдүү иш-аракети үчүн кандай субъективдүү мааниге ээ болгондугу көз каранды.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8