Мотоаткычтар аскерлери – кургактагы аскерлердин бир түрү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өнүккөн өлкөлөрдө жөө аскерлер техникалашкан транспорт, брондолгон согуш машиналары, жаңы курал-жарактар менен жабдылган. Натыйжада алардын жүрүү ылдамдыгы, сокку уруу мүмкүнчүлүгү өскөн. 1957-жылы СССР Куралдуу Күчтөрүндөгү аткыч жана механикалашкан дивизиялар мотоаткычтар дивизиясына айланган. «Мотоаткычтар аскерлери» деген ат 1963-жылы пайда болгон. Мотоаткычтар аскерлери мотоаткычтар бөлүктөрүнөн жана бирикмелеринен турат. Алардын курамына артиллерия, танк, байланыш инженердик жана башкалар. атайын аскер бөлүктөрү кирет. Мотоаткычтар аскерлери бөлүгү танк аскерлеринин жана АДФтин карамагында да болуп, авиация колдойт. Аскерлердин башка түрлөрү менен бирдикте душманга сокку уруу, аймакты басып алуу жана кармап туруу үчүн колдонулат. Чет элдик армияларда жөө аскер, моторлуу жөө аскер, механикалашкан аскерлер деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү