Мотоцикл
Мотоцикл (мото... жана гр. keklos – дөңгөлөк) – жумуш аткаруучу көлөмү 49,8 см3дан ашык болгон ичинен күймө кыймылдаткыч менен жабдылган эки же үч дөңгөлөктүү транспорттук каражат (адатта карбюратордуу, эки же төрт тактылуу, кубаттуулугу 75 кВтка чейин). Ылдамдыгы 215 км/ска жетет. 100 кмге 5,8 л май чыгымдайт. Арналышына жараша транспорттук, спорттук жана атайын болуп бөлүнөт. Транспорттук мотоциклдер өлчөмү жана массасы кичине, манёвр жасоого ылайыктуу, тейлөө оңой болот. Спорттук мотоцикл менен чоң ылдамдыкта жана өтө татаал жолдордо жүрөт. Атайын мотоциклдерге патрулдук, эскорттук, соода жана башка мотоциклдер кирет. Ошондой эле көлөмү жана конструкциясы боюнча да айырмаланат, мисалы, мопеддер, мокики (кичине өлчөмдүү кыймылдаткычтуу), мотороллер. Мотоциклдердин классикалык, круизер, турер, кросс үчүн, эндуро, чоппер жана башка түрлөрү бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7