Мочевина, карбамид, H NCONH – көмүр кислотасынын толук амиди, карбо килотасынын амиди; түссүз кристалл; эрүү t1327˚С. Сууда, спиртте, суюк аммиакта, күкүрттүү ангидридде жакшы эрийт. 1773-жылы француз химик И. Руэлл ачкан. 1828-жылы Ф. Веллер циандуу аммонийди ысытуудан 1-жолу синтездеп алган. Мочевина реакцияга өтө жөндөмдүү бирикме. Көптөгөн заттар менен комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. 150–160˚Сге чейин ысытканда ажырайт, суу эритмелерин ысытканда СО2 жана NH3кө чейин гидролизденет, кислоталар (HNO3, HCl жана башкалар) менен туздарды пайда кылат. менены алкилдегенде алкилмочевина, спирт менен уретандарды пайда кылат; фомальдегид менен оңой конденсацияланат. Мочевина – көпчүлүк омурткалуу жаныбарлар менен кишинин белок алмашуусунун акыркы заты. Ал кан, булчуң, шилекей, лимфа, сүт жана башкалар. суюктуктарда жана ткандарда болот. Жаныбарлардын суу режимин жөнгө салууга катышат. менены бөйрөк, тер бездери бөлүп чыгарат. Заарадагы мочевина тамакаштагы белоктун санына, курамына жана ажыроо деңгээлине жараша болот. Бөйрөктүн иши бузулганда, ооруганда ткань белоктору көп ажырап, канда мочевина көбөйөт (к. Уремия). Өнөр жайда аммиактан жана көмүртек кош окисинен алынат. Ал карбамид чайыры, мочевина формальдегид жер семирткичи, цианит, циан кислотасы жана анын эфирин, айрым боёкторду, уктатуучу дарыларды алууда пайдаланылат. Ошондой эле азот жер семирткичи катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү